www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабах маселеси түбөлүккө жабылганын билдирди.

Илхам Алиев Физули шаарынын армян баскынчылыгынан бошотулушунун 3 жылдыгында болуп, ата мекенине кайтып келген жарандар менен жолугушту.

Жарандар менен баарлашкан Алиев, башка шаарлар сыяктуу Физулинин да басып алуу мезгилинде армяндар тарабынан толугу менен талкаланганын эске салып, Азербайжан мамлекетинин кийин бул жерге жаңы шаар курганын билдирди.

Алиев 800дөн ашуун физулиликтин шаарга кайтып келип, шаарга жайгашкандыгын маалымдап: «Жылдын аягына чейин Физулиде 2 миңге жакын адам жашайт. Улуу Кайтуу программасынын биринчи этабында 2026-жылдын аягына чейин 22 миң атуул Физулиге кайтып келет. Ал күнгө чейин, жалпысынан бул мезгилдин аягына чейин Карабах менен Чыгыш Зангезурга 140 миң адам отурукташат»,-деп айтты.

Кээ бир чет мамлекеттердин Азербайжанды оккупация мезгилинде Карабахтан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылганын эске салган Илхам Алиев: «Маселени согуш менен чечүүгө болбойт дешти. Биз аны (согуш менен) чечсе болорун далилдедик жана маселе жабылды. Карабах маселеси биротоло жабылды. Сепаратисттердин китеби түбөлүккө жабылды»,-деди.

Алиев жеңиш үчүн мекен үчүн жанын аябаган баатыр жоокерлерге таазим этүүгө милдеттүү экендиктерин жана шейиттерди эч качан унутпай тургандарын баса белгиледи.

Физулинин шаар борбору жана айылдарынын көбү 1993-жылы армян армиясы тарабынан басып алынган.

Аянты 1386 чарчы километр болгон Физулиде оккупацияга чейин 144 миң азербайжан жашаган.

1990-жылдары армян күчтөрүнө каршы күрөштө Физулиден 1100дөн ашуун адам шейит болгону белгилүү.

Азербайжан армиясы 2020-жылдын 17-октябрында Физулини баскынчылардан бошоткон.

Последние новости