www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекетте кадрларды көпкө кармабай эле айдап жибергенди адатка салып алышты. Ошондуктан эми такшалып келаткан кадрлардын мурдуна чүлүк салынып, ишинен айдалып калганы негизи оң жагдай эмес. Айрым эпчилдердин шылтоосу менен отурган ордунан козголгондорду угайын деген бийлик жок. Кеттиңби, эми арт жагыңа кылчайба деген принципти колдонуп калышты. Ошентсе да кайра-кайра тууруна конуп аягына чыкпаган иштерин ийге келтирген мыкты кадрлардан да уучубуз кур эмес десек болот.

Маселен, Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевдин үчүнчү ирет бир кызматка келишинин сыры эмнеде? Анткени шаардыктарга ушул мырзанын ачыктыгы, алысты көрө алгандыгы, инвестицияны арбын тарткандыгы өлө жагат. Айрым ичи тарлардын анча-мынча дооматтары жасаган иштеринин алдында камгактай да бааланбайт. Быйылкы жылда 110 миллион доллар инвестиция тартып келип далай көйгөйлөрдү кыраатына келтирди. Калган-катканын да жылдын акырына чейин жайгарам деп турган маалы. Социалдык проблемаларды жеринен чече билгендиги үчүн жердештери кадырлап турушат. Таза, жарык шаарда жашоодон артык бакыт болобу? Элдик адамга айлануунун өзү сыймыктуу эмеспи. Кырдаалга жараша кадам таштаган шаар башчысынын ийгиликтери улам калыңдап баратканына биз да чын пейилден кубанып турабыз. Ылайым элдин уулу болуп жүрө бериңиз, Ильяз мырза!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости