www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар ким өзүнүн турмушу менен алек. Анткени кол сунсаң өкмөт да, байлар да көрмөксөн болот. Какшаган сайын булар түнөрөт десең. Мейли, карыздан эптеп кутулабыз, а бирок жаштардын келечегин жаркын жолго кантип кайтарабыз?
Себеби, билимге сугарылбаган жаштардын айрымдары ар кандай кедергиси гана тийген агымдарга, диндерге кирип кетип, Сирияга чейин кетип калып жатышат. Алар караңгылыгынан улам кара башын өлүмгө сайуга даяр болушууда. Жүздөгөн мекендештер ошондой натуура кадамга барганы үчүн тагдыры талкаланды. Тилекке каршы мындай осолдуктан кутула калчудай эмеспиз. Канчалык аракеттенгенибиз менен натыйжа оңго бурулбай калууда. Бул албетте, мамлекет үчүн кооптуу.
Арийне, бул жаатта узун “жомок” токусак болот. Бирок, аныбыздан майнап чыкпаган соң кыска эле кайрып коелу. Деги биз качан тайкылыктан кутулабыз? Кантип тескери агымдарды ооздуктайбыз? Ушул суроолор жүрөктү козгоп жатканы жалган эмес. Көрсө тарбиялык иштер (идеология) начар жүргүзүлсө коомдо ар кандай агымдар пайда болуп, каалагандай иштерди жасашат экен. Чакан өлкөнү бийлик күчтүү болсо мизилдетип койсо болот да? Антсе да ал тургай дин аалымдарынын көз караштары биргелешпей, тескерисинче айтканы башка, жасаганы башка болуп калганы элди кыжаалат кылууда. Кыскарта чапканда мындан чогуу-чаран кутулуунун жолдорун издөө талапка ылайык. Антпесек өлкөбүздү өнүктүрмөк түгүл, сактай албай калабыз.
К. Артыгалиев
Булак: "Ачык сөз"