www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УТРКнын мурдагы директору, Альпинизм федерациясынын вице-президенти Илим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды. 

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Ал Орусиядагы Эльбрус чокусуна чыгуу үчүн Кыргызстандан атайын топ даярдап алып барууну максат кылган. 

Бирок ага бул өлкөгө кирүүгө уруксат бар-жогун билүү үчүн өзү биринчи барган. Аны Москвада чек арадан “кошумча текшерүү” деген негизде 1,5-2 саат текшерип, коё берген. 

Москвада 2-3 күн жүрүп, кайра 25-апрелде Кыргызстанга кайткан учурда чек арадан аны кайрадан 3-4 саат суракка алып, ага Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганы тууралуу билдирмени колуна карматкан.

Последние новости