www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдук бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, бул үчүн президенттин фондунан 4 миллион 848 миң сом бөлүнөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери жашайт. Алардын сегизи согуштун катышуучулары. Алсак, Бишкекте төрт, Чүй облусунун Жайыл районунда эки , Нарын облусунун Ат-Башы районунда бир, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бир ардагер жашайт.
Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам жана концлагерлердин мурдагы 6 туткуну бар.