www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КТРКнын журналисти Чынара Токонованын апасы жазган билдирүүгө карата, КТРКнын башкы директору Илимбек Карыпбеков жооп берди. Илим мырзанын билдирүүсүн өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз.
Урматтуу Батма эже! Чынара Токонова кызыңыз, биздин кесиптешибиздин сакайып кетишин Кудайдан суранам. Ата-энеге эң негизгиси балдардын аманчылыгы, ден-соолугу экенин бардыгыбыз билебиз. Жүрөгүңүз ооруп, кызыңыз менен кошо кыйналып жаткандыгыңызды түшүнүп атам. Чынара кесиптешибиз чеберчилиги боюнча КТРКнын алдынкы кызматкерлеринен болгонун мен дагы тастыктайм.
Катыңызда белгилегениңиздей Чынараны жумушка өзүм “Ала-Тоо24” каналына баяндамачы катары 25 декабрь 2017 жылы кабыл алгам. Чынаранын ишинде жалпысынан эч кандай орчундуу кемчиликтер байкалган эмес, жамаатта дагы ар-түрлүү сөздөр дагы болгон эмес. 1 май күнү менин атыма Чынара Токонованын өз каалосу менен кызматтан кетүү боюнча жазылган каты келип түштү, ал эми кызматтан бошотуу боюнча буйрукка 3 май күнү кол койдум. Эми катыңызда көрсөтүлгөн көйгөйлөр боюнча бираз маалымат берип кетеин.
Урматтуу Батма эже! КТРКнын кызматкерлерине ичтенби, сырттанбы басым көрсөтүү, коркутуу, үркүтүү кылууга колубуздан келишинче бөгөт коюп, көзөмөлдөп келебиз. Андай болуусу дагы мүмкүн эмес экендигин мен айтпасам деле элге жакшы белгилүү. Бир журналистке катуу сөз, же эскертүү айтсаң, ал боюнча Кыргызстандын жарымы эртеси эле билип калат. КТРКнын журналисттери өзүнүн укугун жакшы билишери, керек болсо сот, укук коргоо органдарына, жогорку кызматтагы тепкичтерге кайрылып, же болбосо ЖМК, интернеттеги социалдык тармактарга жазып өзүлөрүнүн укуктарын жакшы коргогондугун дагы элибиз айрым кызматкерлерибиздин мисалынан жакшы билип калышты. Балким Чынаранын мүнөзү андай эместир, мага келип айталбагандыр айтчу сөзүн. Эмнеге мен Чынарадан сураган жокмун кетип аткан себебин деген суроо беришиңиз мүмкүн. КТРКда миңден ашык адам иштейт. Күнүгө бир-эки адам кызматка келип, кызматтан кетип турушат, бул бизге кадимки эле көрүнүш. Себептери дагы ар-кандай: башка кызматка кетишет, үй-бүлөлүк шарттары болушу мүмкүн жана башка себептер. Бул себептен өз каалоосу менен кетүү боюнча келген каттарды талкуулабастан ишке ашырып турабыз. Негизи чыгармачыл адамдар кызматтагы кемчиликтерди, катачылыктарды, кыйынчылыктарды өтө терең кабыл алып жүрөгүнөн өткөрөрүү белгилүү. Кызматта ар-кандай учурлар болот, мунун бардыгын сөзсүз тактайбыз.
Ал эми Чынара кесиптешибиз ооруканага жатып калды дегенин угуп, КТРК жамааты баарыбыз биригип кимдин колунан канча тыйын келсе, ошончо кошуп чогултуп берип, менин кызматка байланыштуу убактым болбогондуктан башка кесиптештеримди жана орун басарым Жылдыз Жумабекованы менин атымдан дагы тез сакайып кетүү тилегимди жеткирип коюсун суранып жөнөткөн болчумун. Катыңызда “путевка” боюнча дагы белгилеп кетиптирсиз.
Чынара ооруканадан Кудай буйруп жакшы чыгып калса, андан кийин реабилитациялоо убактысы керек болуусу мүмкүн деген ойдо Жумабекова эмес, мен өзүм Чынарага, же болбосо туугандарына биз дарылануу борборуна жолдомо алып берүү ниетибиз бар экендигин билдирүүнү сурангам эжеке.
Урматтуу Батма эже! Албетте сиздин катта келтирген талаптарыңызды жокко чыгарбайм. Албетте териштирүү болот! Бирок баса белгилеп кетеин дегеним, баарыбыз биригип Чынаранын жакшы болуп, тез сакайып кетишин ыйык рамазан айында Кудайдан тилеп, колубуздан келген жардамыбызды көрсөткөндүгүбүз туура деп ойлойм. Чынара кесиптешибиздин толук сакайып кетишине ишенем. Териштиргенге, күнөөлүлөрдү жазалаганга, жоопко тартканга жетишебиз, ал эми кесиптешибизге жардам көргөзүү, дарылоо, колдоо кечикпөөсү зарыл. Ошондуктан Сизге Батма эже, Чынаранын жакындарына сабырдуулук кылып, кайраттуу болуп бүт көңүлүбүздү Чынарага бөлүүбүздү чакырып кетет элем.
Кудай буйруса Чынара сакайып чыккандан кийин өзүнүн сөзүн, оюн дагы айтаар. КТРК Чынаранын кетүүсүн каалаган эмес жана КТРКнын эшиги Чынарага ар-дайым ачык. Чынара кийин КТРКга келем десе, биз кубанычыбыз менен кабыл алабыз.
Урматтуу кесиптештер, достор! Сиздерди дагы сабырдуулукка чакырам. Жүрөгү кысылып, жаны жай албай аткан эненин жүрөгүнө ар- кандай чагымчыл ойлорду айтып, адамдарды күнөөлөп, бул кырсыктын күнөөлүлөрүн издеп чок таштап жалындатпай, өзүбүздүн жакшы ой, тилегибизди билдирип, колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп, колдоо кылып турсак пайдасы көбүрөөк болот эле. Териштиргенге, күнөлүүлөрдү аныктаганга, жазаланга, жамандаганга жетишебиз. Тез айыгып, биздин катарыбызга кошулушуңузга тилектешмин Чынара кесиптешим! Урматым менен, Илим.
Эске сала кетсек, кечээ 17-майда Фейсбук социалдык тармагы аркылуу КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекова, журналист Чынара Токоновога жеке кызыкчылыгына байланышкан "кызым Чынара Токонова инсульт алып, учурда оор абалда жатат", деп Чынара Токонованын апасы болгон окуя тууралуу атайын билдирүү тараткан.
Төмөндө текст толугу менен:
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго
Кайрылуу
Урматтуу уулум Илим! Менин кызым журналист Чынара Токонова буга чейин ушул эле КТРКдан өсүп такшалып , кийин “5-канал”, “Интерньюс”, “НТС” сыяктуу каналдарда эмгектенип, өзүнүн күчтүү журналист экендигин көрсөтуп элге таанылып, оозго алынып калган. Мындан 3-4 ай мурун өзүң жетектеген КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналына ишке алдың эле. Өзүң деле Чынаранын жакшы адис экенинен кабарың болгон үчүн ишке алган чыгарсың. Ошондон бери берилген тапшырманы өз убагында аткарып, кынтыксыз иштеп жаткан . Жакында КТРКга жаңы келген орун басарың Жылдыз Жумабекова жыйын куруп, “Сюита Соурбаеванын материалдарын эфирге чыгардың”- деген күнөө коюп кызымды аябай кысмакка алган.Өзү ишке тың, чыйрак, акыл-парасаты жогору, эч ким менен акыйлашпаган мүнөзү уяң кызым, жаңы келген орун басардын койгон талаптарына, жөнү жок асылганына ыза болгон экен, кечинде жумуштан жаман болуп келип “ апа мени Жылдыз иштетпейт окшойт, болбогон кунөөлөрдү коюп жатат, кыздар дагы айтышты Жылдыз сени аябай үстүңөн түшүп текшерип жатат дешти”,- деп айтты .Ошон үчүн “иштен кетүү жөнүндөгү” арызымды жазганга аргасыз болдум деген.
3-май күнү аябай бушайман болуп, “Ала Тоо 24” каналында иштешкен курбуларына барып жолугуп келем деп кеткен. Арыз жазгандан бери бушайман болуп, улам-улам капачылыгын айтып, көнүп калган коллективден кеткиси келбегендигин айтып жатты. Кыздар менен жолугушкан жерден кан басымы көтөрүлүп, 200гө чыгып жыгылган . Кыздар тез жардам чакырышып, Республикалык орукананын Неврология бөлүмүнө “Геморрагический инсульт” болуп жыгылды ( мед. Заключение бар ). Кызым азыркы тапта “Республикалык экинчи Неврология бөлүмүнүн реанимациясында жатканына он күндөн ашты. Көз жашымды төгүп оорукананы күзөтүп, он күндөн ашык отурганым отурган.Тепкичте ыйлап отурсам кыздар “Жылдыз келди “-дешти , жүзүнө тик багып карагым келген жок, буркурап ыйлап көз жаштан күчүмду чыгардым. Ызага буулугуп, кан басымы 200дү тээп турганда “Өз арызым менен иштен бошотуп коюӊуз” деп арыз жазган экен, Неге териштирбей туруп арызын кабыл алып, дароо жумуштан бошотуп койдуӊ, уулум Илим ! Сюитанын материалын менин кызым Чынара эфирге чагылдырбаса , башка бирөө деле бермек да, бул жерде эмне аябай ат көтөргүс арман бар беле? Же каналда көрсөткөнгө тыйуу салган кишилер барбы? Болсо байкуш кызым аны билбесе керек. Сураштырсам орун басарың Жылдыз Жумабекованы учурунда Сюита Соурбаева жумуштан кетиргенби же башка Сюита деген кызга кетпеген кеги барбы айтор ошол өчүн менин кызымдан алыптыр. Жаңы эле кызматка келип, кыргын сүргүн баштаган бул орун басарыңдын кылган иши Кудайга да жакпаган иш. Алчу өчүн башкача албайбы?
Кызыма карата кылган бул мамилеси тууралуу “Ала тоо 24” жамааты баары кабардар , бирок ар ким өз кызматынан, өз ордунан коркуп мага айткандарын ачык эч убакта айта алышпайт. Бул иштин терең иликтенишинен деле күмөнүм чоң, бирок ошондой болсо дагы өзүңө коомчулук аркылуу кайрылууну туура таптым! Эч убакта ушинтип кат жазып калам деп ойлогон эмесмин. Бирок, мен азыр жүрөгү тилинип жаткан энемин! Жакшынакай жүгүрүп чуркап иштеп жүргөн кызым инсульттун оор түрүнө кабылып төшөктөн турбай жатса, эмне арга кылам?! Жылдыз Жумабекованын кызымды жыгып коюп, азыр ар кимден “путевка алып берем, антем, минтем” деп ортомчу салып, ар кимден айттырганынын кимге кереги бар?! Менин кызымдын ден соолугун эми ким кайрып берет, кадимки абалына кайтат деп ким кепил болот?!
Мен кызымды ушундай абалга алып келген адамгерчилиги жок ушул жетекчининин жазаланышын жана кызымдын ден-соолугу үчүн жооп беришин талап кылам! Азыр Кудайдан, кызымдын сакайышын тилеп отурам, бирок, эч ким, дарыгерлер баш болуп, толук калыбына келээрине кепилдик берген жок! Мен мыйзам чегинде дагы, бул маселенин чечилишине бутум үзүлгөнчө чуркайм!
Азыр кызымды сыйлаган ар канал, гезит-журналдарда иштеген бардык журналист кесиптештери колдой турганын билгизип, учурда моралдык дагы, материалдык дагы жардам көрсөтуп келишүүдө. Баарына ыраазычылык билдирем! Жылдыз Жумабекова кызымдын азыркы ахывалына жооп берсин! Чара көрүлбөсө Жогорку кеңешке, Президентке кайрылууга аргасыз болом!, деп жазган Батма Абдыразакова, Ч.Токонованын апасы.
Булак: NazarNews.kg