www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Электрстанцияларынын” экс-гендиректору, Жалал-Абад мэри Салайдин Авазов ТЭЦ чуулганы боюнча УКМКга камакка алынганы баарыбызга маалым. Ал мурдагы кызматында тургандагы кыңыр иштери боюнча айыпталууда. Кызыгы, сурак берүүдө Авазов агынан жарылып, «386 миллион доллар боюнча долбоорду Сапар Исаков менен Осмонбек Артыкбаев кыйнап кол койдурган» деп көрсөтмө бергенин өздүк булактарыбыз кабарлашты. Жогорку Кеңештин отурумунда деле Исаковдун коррупцияга шектелип атканын көрүп, атпайбызбы.

Аныгында 386 миллион доллар толук кандуу мамлекеттин  кызыкчылыгы үчүн жумшалбаганы ортодон Алмазбек Атамбаев, Аскарбек Шадаев, Осмонбек Артыкбаев, Сапар Иса­ков ж.б. чиновниктер пайдаланып кетишкенби?

ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын канчалык деңгээлде адилеттүү түрдө тыянак чыгарганы белгисиз. Ал эми тергөө органдарынын купуялуулугу бар, коомчулукка бул жагы да азырынча ачыкталбайт.

Ток этери. Кудай жардам берип, ТЭЦти жарды, ортодон «чабактар» камалды, а «киттер» чекесинен кача башташты. Деги акыйкат жолунда элдин ырыскысын тоногондордун жүзү ачылабы?

Кубат КАРАЧЕВ

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости