www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун губернатору Илияз Иманбетов президент Садыр Жапаровдун ишенимин актай албай, жөндөмсүз шалаакы экенин далилдеди. 

Кызматка келгенден берки жакшылыгы бийликтин рейтингин түшүргөнгө жарады. Натыйжада сөгүш алды. Бирок ошону деле "сиңирип, аш кылганы" байкалган жок. Демек, сөккөн менен майнап чыкпай турганы айкын болду. 

Мына туристтик сезон учурунда эс алуучуларды шыктандырган иш-чараларды уюштурмак турсун, элементардуу тазалыкты сактай албай жатат. Тартип жок, чыр-чатак, уруш-талаш, башаламандык. Эт эмес, же чел эмес мажирөө неме экен.

Деги эле өлкөнүн туристтик тармагынын локомотиви боло турган аймактын ишин тарта албай кашаңдыгын көрсөттү. Анан ушундай кадрдын кереги барбы? 
Мындай кадрларды иштен албаса, бийликке көлөкө түшүрбөсө, кадырын көтөрбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости