www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Ислам дүйнөсүн биримдүүлүккө чакырды.

Илхам Алиев Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн Маданияттар аралык диалог боюнча форумдун төртүнчүсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү.

Маданияттар аралык диалогдун учурда эң негизги темалардын бири экенин баса белгилеген Алиев: «Көп маданияттуулук болбосо дүйнө жүзү чоң коркунучтар менен бетме-бет келет. Дүйнөдө айрым тынчсыздандыруучу агымдар бар. Ар кайсы жерлерде кагылышуулар, жарандык согуштар болуп жатат. Мунун себеби ар башка маданияттардын ортосунда макулдашуунун болбошу»,-деп айтты.

Президент Алиев Ислам дүйнөсүндөгү кыйынчылыктарды да баса белгилеп: «Ислам дүйнөсүндө биримдүүлүккө муктаждык бар. Тилекке каршы Ислам өлкөлөрү терроризмден жапа чегүүдө. Исламдын террор менен байланыштырылышына каршыбыз»,- деди.

Азербайжан-Армения кагылышуусу жана Тоолуу Карабах маселесине токтолгон Алиев, Армениянын басып алуусунан 1 миллиондон ашуун адамдын өз жерин таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин басып алуулардын токтотулушуна карата 4 токтому бар экенин эске салган Алиев: «Армения бул токтомдорго баш ийбей жатат. Кээде БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдору, бир канча күн же саттын ичинде ишке ашырылууда. Бизге келгенде болсо 20 жылдан ашуун убакыттан бери аткарылбай эле. Бул жерде кош стандарттар болгонун көрүп жатабыз. БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдору ишке ашырылышы керек»,-деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости