www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Жаштар иштери, спорт жана туризм комитети тарабынан спортчулардын Этикалык кодекси иштелип чыкты. Ага ылайык, спортчулар сакал койбошу, чачын жана тырмагын өстүрбөшү керек болот.

Комитеттин өкүлү Сухроб Акбаршонун айтымында, кодекс тазалыкты жана гигиенаны сактоо максатында, ошондой эле узун чач жана сакал аркылуу түрдүү оорулардын жугушун алдын алуу үчүн кабыл алынды.

Кодекстин долбоору адистердин сунуштарын эске алуу менен кайра дагы толукталат.

Спортчулардын этикалык кодексин иштеп чыгуу маселеси марттын аягында өткөн күрөш боюнча мелдештеги окуядан кийин көтөрүлгөн. Анда Комроншох Устопириён аттуу балбан адепсиз кыймыл-аракети үчүн улуттук күрөш боюнча өлкө ичиндеги мелдештерге катышуу укугунан эки жылга ажыратылган.

Андан сырткары бир нече жыл мурда «Хайра» клубунун футболчусу Парвиз Турсунов узун сакалы үчүн өлкө чемпионатынын алкагындагы оюндарга катыштырылган эмес. Бул тажик коомчулугунда кызуу талкууларды жараткан.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости