www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы жаңжалды жайгаруу жаатында сүйлөшүүлөргө Баку дайыма даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалына берген интервьюда айтканын 3-октябрда "Интерфакс" жазды.

Алиев Тоолуу Карабактагы конфликтке Армениянын деструктивдүү саясаты негиз болуп жатканын, ошондуктан көп жылдардан бери абал чыңалып келгенин белгиледи.

белгилей кетсек, 2-октябрда Армения Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагында Минск тобу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирген.

Ереван Азербайжандын Тоолуу Карабакта курал колдонушун жана Түркиянын бул чатакка аралашып жатканын айыптаган.

Буга чейин БУУ, Европа Биримдиги баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө жаатташкан тараптарды Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин тезинен токтотууга чакырышкан.

Эске салсак, Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан 100дөн ашык адам, анын ичинде тургундар да мерт болгону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости