www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Биздин өлкөлөр ортосунда чыныгы достук мамилелер орногонун жана акыркы жылдары кызматташтык туруктуу жана ыраттуу өнүгүп жатканын белгилөө мен үчүн жагымдуу. Корея Республикасын Кыргыз Республикасына болгон дайымкы колдоосуна ыраазымын. Биргелешкен күч-аракет менен өз ара пайдалуу кызматташтык болоруна жана мындан ары Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Мун Чжэ Инге ден соолук, бакыт, мамлекеттик жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги корей элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости