www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык бизнесмен жана ойлоп табуучу Илон Маск жана анын сүйлөшкөн кызы Греймс Калифорниянын жергиликтүү мыйзамдарына ылайык, уулунун атын X Æ A-12 дебей X Æ A-Xii кылып өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу Маск өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
Калифорния мыйзамдарына ылайык, баланын атында цифралар камтылбайт, ошондуктан үй-бүлө ымыркайдын атына 12 санын Xii тамга менен алмаштырууну чечишкен.
Буга чейин социалдык тармактарда Илон Маск баласынын атын X Æ A-12 деп койгону катуу талкуу жараткан. Айрымдар бул ысымды тамаша деп аташса, башкалар Илон Маск өзү сырдуу адам, анын мындай ысым тандоосу таң калычтуу эмес деп айтып келишкен. "SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск баласынын өзгөчө аты эмнени түшүндүрөрүн айткан.
Маск А-12 бул SR-71 кемесинин негизи экенин белгилеген. Ал эми X - белгисиз сан, Æ - АI (сүйүү же жасалма интеллект) A - сүйүктүү "Архангель" ыры.
Булак: NazarNews.kg