www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн Twitter баракчасында америкалык миллиардер Илон Маск аз өлчөмдөгү Leopard 2 танктарын мина жана танкка каршы колдонуучу куралдар менен жок кылууга мүмкүндүгүн жазып чыкты.  

Социалдык түйүндүн колдонуучуларынын бири «Украинанын Тышкы Иштер министринин орун басары Андрей Мельниктин Германиядан Leopard 2 танктарын көбүрөөк жиберүү» тууралуу сөзүн мисал келтирип, бирок, «Twitterде жарыяланган роликтерде танктарды майдалап салып жатышкандыгын» жазган. Ошону менен катар эле ал «украиналык жоокерлер бул танктарды пайдаланууга жетишээрлик даярдыктан өтүшпөгөндүгүн, кийинки партиялардын жиберилиши бекер» экендигин белгилеген.  

Ага комментарий жазган Илон Маск «Аз өлчөмдөгү танктар танкка каршы куралдар жана мина менен жеңил эле жок кылынаарын» жазып, «алар көп болушу керек же таптакыр эле жок болушу керек» деген оюн билдирген.  

Украина Коргоо министри Алексей Резниктин айтымынды май айынын соңунда Батыш өлкөлөрү Киевге Leopard 2 танктарынан 60ка жакынын беришкен.

Февралда Германиянын экономика министрлиги Украинага Leopard 1A5 моделиндеги танктан 178ди экспорттоого макулдук берген. 

Россия Коргоо министрлигинин маалыматында «3-июнда Түштүк Донецк жана запорожье багыттарында Украин аскер күчтөрүнүн төрт Leopard 2 танкы жок кылынганын, 4-июнда дагы үч танк жок кылынганы» айтылган. 8-июнда 3 танк жок кылынса, 7-июнда 8 танк жок кылынган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости