www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Масктын Твиттердеги билдирүүсү Teslaнын акциясынын баасын көтөрдү. Маск Teslaнын акцияларын 420 доллардан сатып алып, жеке компания кылуу ниетин жарыялаган болчу. Ошондон кийин компаниянын акциялары 13% чейин өсүп, баалуу кагаздын биржалык баасы 379 долларга жеткен. Ага чейин Teslaнын акциясы 358 доллар турган. Анын акциясынын баасынын мындай тездик менен көтөрүлүүсүнүн айынан Nasdaq биржасы компаниянын баалуу кагаздарын сатууну убактылуу токтотуп койду. Биржалык адистер Масктын билдирүүсүн эрежелерге дал келбейт деп, жадагалса шылуундук катары баалашууда.

Кийин белгилүү болгондой, Teslaнын акционерлери Маскты баалуу кагаздар боюнча мыйзамды бузган аракеттери үчүн сотко беришти. Акционерлердин белгилешинче, бул билдирүү Teslaнын акцияларынын баасынын секириши биржадагы алып сатарлар үчүн жүз миллиондогон чыгымдарды алып келген.

Teslaнын акцияларын сатып алу үчү Маскка 82 млрд доллар керектелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости