www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2018-жылдын 13-август күнү Бишкек ШИИББДин аянтчасында 2006-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда банда-түзүмдөрүн жок кылууда курман болгон милициянын улук сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылышы өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КДДБнын башчысы, милициянын полковниги Мадалиев Төрөкул Мамажакыпович, андан сырткары, Улан Сарыбаевдин атасы-Молдобек Сарыбаев, уулу-Салават катышышты.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өз сөзүндө: “Бүгүнкү өткөзүлүп жаткан спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздүк курамынын дене тарбия даярдынын жакшыртуу, кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү жана ошондой эле, 2006-жылы Кыргызстандын Баткен облусунун аймагына кирип келген банда-түзүмдөрүн жок кылуу боюнча атайын операцияны аткаруу учурунда, жергебизде туруктуулук тынчтык болуш үчүн  баатырларча курман болгон милициянын атайын даярдалган отрядтын улук сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган Кубогун ачуу алдында турабыз.

Улан Сарыбаев эрдиги жана эрктүүлүгү ар бир кызматкердин жүрөгүндө терең сакталып, ардактуу доскада алтын тамгалар менен түбөлүк жазылып, анын жасаган эрдиги  азыркы катардагы милиция кызматкерлери үчүн үлгү болуп калат деген терең ишеничтемин”-деп белгиледи.

Эскертебиз, 2018-жылдын 13-августунан башталган Кыргыз Республикасынын ИИМдин Чемпионатына Кыргызстандын аймагындагы ички иштер органдарынын  курама командалары катышууда.  Спорттук иш-чара 15-августта аяктап, байгелүү орундарга ээ болгондор байгелерге, ардак грамоталарга жана кубокторго ээ болушат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости