www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илья Кива: «Байден Украинаны ара жолго таштады»

Парламенттик мандатынан ажыратылган украиналык парламентарий Илья Кива АКШ президенти Джо Байдендин «Киев өзү чечиши керек» деген сөзүнө комментарий берип жатып, АКШ бул жерде куйругун ала качканы байкалганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мындан кийин Украинанын кийинки тагдыры чечилип калды.

«Америка оюндан чыгып, Украинанын мындан аркы тагдыры белгилүү болду. Ошондуктан азыр Украина чечкинд бир кадамга барардан мурда жакшылып ойлонгону жакшы», — деп жазды Кива өзүнүн Telegram каналында.

Белгилей кетсек, буга чейин Байден: «Бул Украинанын өз чечими болуш керек. Биз Украинанын катышуусу жок ал тууралуу эч нерсе дей албайбыз», - деп айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости