www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу бизнесте студиядан чыкпай эмгектенген ырчылар абдан аз. Алардын катарын толуктап ар дайым эмгектенген таланттуу ырчы мырза Ильяз Абдразаков менен маек. 

- Салам, Ильяз! Байкасам толуп, өзүңө бир аз салмак кошуп калгандайсың...

- Саламатсыздарбы! Ооба, бир аз толгонум чын (күлүп). Эми азыр баштагыдай жаш жигит эмеспиз да. Убакыт өтүп, калыптанып, өсүп олтуруп, үй-бүлө күткөнү мына ушундай болуп калдым. Күндө күзгүгө каранганда дайыма өзүмө көз салып турам. Мурдагы арык кезимдеги сүрөттөрүмдү көрсөм жылмайып калам.

- Үй-бүлө деп калдың. Жеке жашооңдо ал-абалың жакшы элеби?

- Ооба, Кудайга шүгүр баары жакшы. Акыркы күндөрү көпчүлүк менин жеке жашоомо абдан кызыгышкандай. Баары эле “Ажырашып кеттиңби?” дешет. Бирок, андай болгон жок. Ажырашуу тууралуу бизде маселе, ой да болбойт. Бактылуу күн кечирип жатам. Балдарым чоңоюп спортто чоң ийгиликтерди жаратып, окуп жатышат. Жубайым Медина өзүнө тиешелүү милдеттерин так аткарып, бизге абдан камкор.

- Сени шоу бизнес тармагындагы сөзгө жок ырчы жигиттердин катарына кошуп келишет эмеспи. Чыныгы жашоодо да аз сүйлөйсүңбү

- Сөзгө жок дешсе абдан жаңылышышат. Себеби, мен сөзгө бар, жакшы эле сүйлөгөн жигитмин. Болгону көп жерден ачылып-чачылып сүйлөбөйм. Чыныгы жашоодо эл катары эле тартынбай сүйлөп, өзүмдүн оюмду эркин жеткирем.

- Мамлекет тараптан кандай колдоолорго ээ боло алдың?

- Өзүңүздөр жакшы эле билесиздер го маданиятка мамлекет анча жакшы көңүл бөлбөйт. “Ыр жаздырып ал. Концертиңди бекер кой” деген адам жок азыр. Болгону “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгини алгам. Азыркы күндө да жок нерсени бардай көрүп, бар нерсени алдыга чыгарып, керектүү нерселерди өзүбүз таап эле эмгектенип келе жатам.

- Көпчүлүк учурда фонограмма менен ырдайсыңбы... же?

- Мага айырмасы жок. Жандуу көбүрөөк аткарганга аракет кылам. Кээде кырдаалга, аппаратураларга байланыштуу болуп калганда фонограмма менен ырдаганга туура келип калат.

- Маегиң үчүн ырахмат! Ийгилик!

- Ыраазымын! Аман болуңуздар!

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости