www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иракта таасирдүү шийит имамы Муктад ас-Садрдын тарапкерлери дүйшөмбүдө Багдадда өкмөттүк имараттар жайгашкан кайтаруудагы "Жашыл зонага" чабуул менен кирип барышты. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады.
Көчө кагылышууларынан кесепетинен кеминде эки адам өлгөнү маалымдалды. Ондогон киши жаракат алды. Багдадда коменданттык саат жарыяланды.
Июнда Садырдын тарапташтары парламентке бойкот жарыялагандан бери Иракта саясий каатчылык уланып жатат.
Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” былтыр октябрдагы шайлоодо биринчи орунду алып, Ирактын 329 орундуу парламентинде 74 мандатка ээ болгон. Коңшу Ирандын бийлиги менен байланышкан башка партиялар аз мандат алышкан. Садр өз алдынча башкаруучу коалиция түзө албай койгондон кийин депутаттарын чакыртып алган.
Садыр мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып, тарапташтары бир нече аптадан бери көчө акцияларына чыгып жатышат.
Булак: NazarNews.kg