www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси — Мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 22-январда, өлкө Президентинин милдетин аткаруучунун 2021-жылдын 20-январындагы Жарлыгы менен түзүлгөн уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Жыйында ал иш-чарага даярдык көрүүгө байланыштуу учурдагы уюштуруу маселелерине токтолду.

Жыйындын катышуучулары инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасынын долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти.

Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана жарандардын коомдук коопсуздугу үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу милдеттери коюлду.

Жыйындын жыйынтыгында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү түзөтүүлөрдү эске алуу менен инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын жактырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости