www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индия бийлиги кытайлык 59 мобилдик тиркемелерди блокко салды. Алардын катарында белгилүү TikTok тиркемеси да бар экенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индия бийлиги кытайлык 59 тиркемени блокко салды. Эми аны жарандар колдоно алышпайт. Блокко салынган 59 тиркеменин катарында WeChat, Mobile Legends, UC News, Weibo, QQ Music, Mi Community, Club Factory, Kwai, Baidu map, Clash of Kings жана башка тиркемелер бар.
Өкмөттүн айтымында, бул тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет. Блокко салынган 59 тиркемени эми телефондон жана башка түзүмдөрдөн да колдонууга мүмкүн эмес. TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.
Булак: NazarNews.kg