www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

Аталган конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине өтүүсү үчүн 9% шайлоо тосмосун 7%га түшүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган конституциялык Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 2- жана 3-бѳлүктѳрүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүү киргизилген.

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости