www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүк курамдын ант берүү аземине катышып, "президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок" деди.

Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: "Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт.

Эл арасында "тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен" деген сөздөрдү угуп жатам. Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир-бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушу мүмкүн. Бирок президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок.

Менин тирегим — эл. Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам. Бир Кудайга, анан элиме ишенем. Менде мына ушундай ички эркиндик бар. Алдыда келаткан шайлоодо мына ошол ички эркиндигиме таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости