www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда белгисиз оорудан адамдар каза болуп баштады

Индиядагы Уттар-Прадеш штатында акыркы аптада 68 адам белгисиз оорудан каза болду, алардын 40ы балдар, ал эми акыркы суткада 12 киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адамдын денесин калчылдатып, илдетке чалдыктарган вирустун азыр кантип эмнеден келип чыкканы белгисиз экени айтылды.

Жергиликтүү саламаттык сактоо министрлигинен ооругандардын эти ысып, суусап жана канда тромбоциттердин азайып кеткенин билдиришкен. Алардын бир бөлүгүнүн эти ысыгандан сырткары башы, булчуңдары ооруп, жүрөгү айланып жана лимфа бездери чоңоюп кеткен.

"Бул аймактагы абал кооптуулук жаратууда. Саздак жер, антисантария менен гигиеналык эрежелердин сакталбашы аталган оорунун таралышына себепкер болууда", — деген Times of India басылмасына медиктердин бири Маниш Асижа.

Бийлик нөшөрлөгөн жамгырдан өтө нымдуулук жаралып, андан кийинки катуу ысыктан аталган аймак чиркейлер аркылуу таралган жугуштуу оорулардын жугушуна абдан ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости