www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров пандемиянын кесепеттери тууралуу айтты

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта сөз сүйлөдү.

Ал 2020-жылдагы оор экономикалык абал, пандемиянын кесепеттери тууралуу айтып, өзү бийликке келгенде бюджет бош болгонун айтты.

"2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүү темпи 8,6% төмөндөгөн. Азыркы учурда пандемия уланып жатат. Бирок ага карабастан 2021-жылдын жети айында экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө. Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир тыйын жок эле. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык, соода-сатык жокко эсе. Мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн кирешеси да төмөндөйт. Ошондой болсо да экономикалык оор абалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл финансылык ресурстарды туура колдонуп, чукул иш-чараларды жүзөгө ашырып, болочок муундун келечегине эмитен кам көрүү үчүн стабилизациялык фонд түзүп жатабыз", - деди Жапаров.

Президент өлкөдө салык системасы ачык-айкын болуп, пандемияда жабыр тарткан ишкерлерди колдоо жүзөгө ашарын белгиледи.

Отуз жылдык мааракеге байланыштуу Бишкекте салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости