www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индияда 800гө жакын коронавирустун «омикрон» штаммынын учуру аныкталган, алардын үчтөн бир бөлүгү өлкөнүн борборунда жаңы штамм менен ооруган, деп Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «омикрон» штаммы 21 штатта жана союздук аймактарда табылган. Жалпысынан өлкөдө инфекциянын 781 учуру аныкталса, Делиде 238 адам жаңы штамм менен ооруган. Оорулардын саны боюнча экинчи орунда Махараштра (167), андан кийин Гуджарат (73) жана Керала (65) турат. Министрлик кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Индияда 241 адам «омикрон» штаммынан айыгып чыкты.
Мурдагы варианттардан көп сандагы жаңы мутациялар менен айырмаланган «омикрон» штаммы ноябрда Африка өлкөлөрүндө аныкталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чукул жыйындан кийин коронавирустун жаңы вариантын кооптонууну жаратуучу катары классификациялоону чечти. Адистердин айтымында, ооруп, эмдөө алгандар да бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн. «Омикрон» штаммынын белгилери: чарчап алды кетирет, дене ооруйт. «Омикрон» штаммынын биринчи учурлары Индияда 2-декабрда аныкталган.
Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн суткада өлкөдө коронавирустун 9,1 миң жаңы учуру катталып, 7,3 миңден ашуун адам айыгып чыкканын белгиледи.
Индия COVID-19 аныкталган учурлардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда калууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, былтыркы жылдын март айынан бери өлкөдө пандемия башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 34,8 миллиондон ашты, 34,2 миллиондон ашууну айыгып, 480 миңден ашууну каза болду.
Булак: NazarNews.kg