www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөн 6-чакырылышынын депутаттары менен жолугушуу өткөрүү планында жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Жапаров 6-чакырылыштын депутаттарын сый тамакка чакырганын жазган.
Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттары ант берди.
Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.
Эске салсак, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.
Булак: NazarNews.kg