www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бухара облусунда 10дон ашык эркекке атайлап ВИЧ-инфекциясын жуктурган 26 жаштагы келин кармалды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган аял тери-венерологиялык диспансерде быйыл 20-майдан бери каттоодо экени аныкталган.

Ал 25-майдан 6-июнга чейин жеке коргонуу каражаттарын колдонбостон, оорулуу экенин билип туруп, 25тен 30 жашка чейинки ондон ашык эркек менен интимдик байланышта болгон.

Ушул тапта келинге карата Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “венерологиялык ооруларды же ВИЧ-инфекциясын/СПИДди таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Быйыл июнь айында Бухара облусунун Вобкент районунда ВИЧ-инфекциясы бар экенин билип туруп, коргонуу каражаттарын колдонбостон эркек менен жыныстык катнашка барган аялга кылмыш иши козголгон. Ага кандай жаза берилгени кабарланган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости