www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Гоа штатындагы жана Дели шаарындагы 15 кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу Казакстандын өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылды. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Кыргыз жарандары Тараз шаарындагы эл аралык аэропортунан атайын транспорт менен Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда бүгүн, 4-апрелде өлкөгө келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат. Чет мамлекеттерде калган Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруунун жолдорун издөө боюнча иш уланып жатат, анын ичинде өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте жана колдоосунда иш-аракеттерди уюштуруу жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 21-мартта Индиянын Хайдарабад шаарында Кыргызстандын 11 жараны коронавируска шектелип карантинге алынса, 23-мартта Бихар штатынын Патна шаарындагы мечиттен Кыргыз өлкөсүнүн 10 жараны коронавируска шектелип кармалганы малымдалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости