www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ден соолугунун начарлашы боюнча маалыматты анын басма сөз катчысы Айдос Укибай четке какты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"Биз эч качан калп маалыматтар боюнча комментарий берген эмеспиз. Бирок акыркы кездерде кээ бир адамдар өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракет кылып жатышат. Назарбаевдин ден соолугу боюнча туура эмес маалыматтарды таратышууда. Бул чагымчылдык жана калп маалымат", - дейт басма сөз катчы.

Мындан сырткары, кечээ, 3-апрелде Назарбаев аймактардын башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости