www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-жылдын март айында Индиянын эл топтолгон жолдорунун биринде байдын кызына үйлөнгөнү үчүн 22 жаштагы жигит өлтүрүлгөн. Учурда кол салуудан аман калган маркумдун аялы өзүнүн ата-энесин сотко берип, теңдик үчүн күрөшүп жатат.

Адамдардын бирин-бири өлтүрүүсү болуп эле келген көрүнүш. Бирок Түштүк Тамилнадда сүйүүсү үчүн күрөшкөн Шанкардын өлүмү Индияны эле эмес, бүткүл дүйнө элин таң калтырды.

Жубайлардын баш кошконуна 8 ай болгон. Айылда жашашчу. Жашоосунун акыркы күнү Шанкар жубайы Каусалья менен таңкы саат тогуздарда туруп, автобус менен Удумалпет шаарчасындагы чакан базарга барышкан. Алар Шанкарга кийим сатып алышы керек эле. Анткени дүйшөмбү күнү ал биринчи жолу колледжге окууга бармак.

Керектүү кийим-кечесин сатып алышкан жубайлар кайра үйүнө жөнөшөт. Көчөнү кесип өтөөрдө, капыстан эле эки мотоцикл келип токтоп, бир топ эркектер түшөт да, колдорундагы бычактары менен Шанкарды сайып да, тээп да башташат.

“Башыңды мага жөлөп жатчы” – бул Шанкардын акыркы сөзү болду. Аялы күйөөсүнө жакындап, кучактап жатты. Бир аз убакыттан кийин тез жардам машинасы ооруканага кирип келди. Бирок Шанкардын дем алуусу токтоп калган эле.

Хирургдар Шанкардын денесинен 34 бычактын изин табышкан. Ал эми Каусалья бети таңылган абалда, жаракат алган сөөктөрү калыбына келгенге чейин 20 күн ооруканада жатты.

Милиция кызматкерлери келгенде Каусалья күйөөсүнүн өлүмүнө өзүнүн эле ата-энеси күнөөлүү экендигин айтып, аларды кармап, абакка киргизишин өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости