www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кара тизмеден” чыгабызбы?

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан 48-дүйнөлүк экономикалык форумда премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы 24-январда Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) жетекчиси менен жолугушту.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, анда Кыргызстандын авиакомпанияларын Эл аралык авиация уюмунун “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси көтөрүлгөн. Ал бул туурасында:

«Эл аралык авиация уюмунун башчысы бизге жакшы сунуштарды берди. Ошолордун баарын эске алып, иштейбиз деп турабыз», – деп билдирди.

Аталган уюм менен Евробиримдиктин Кыргызстанды “кара тизмеге” кошуп, Кыргызстандын самолётторун өз аймагына киргизбей келе жатканына он жылдан ашты. Буга самолёттордун эскилиги жүйө келтирилген.

Булак: "Фабула"

Последние новости