www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык студенттер алдамчылык үчүн айыптаган Бишкектеги Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев соттун чечими менен үй камагына чыкты деп билдирет Азаттык.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту Асаналиевди камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту бул чечимди четке какты.

Нургалы Асаналиев Москвага учуп кетер алдында, “Манас” аэропортунан 27-июлда кармалган. Анын кармалышына элүүдөй индиялык студенттин ар бири2900 доллардан келишим акы төлөпбирок окуудан чыгып калганы тууралуу арызы себеп болгон.

Бул боюнча чет элдик студенттер Кыргызстандын президентине кайрылган. Ишти Бишкек шаардык милициясы жана Финансы полициясы иликтеп жатат.

Асаналиев өзү буга чейин ага коюлган айыптардын баарын четке кагып, студенттерди индиялык ортомчулар алдап кеткенин билдирген.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет 2016-жылы ачылган. Билим берүү мекемеси бизнес, экономика жана медицина багытында орто жана жогорку кесиптерге окутат. Келишим акысы 1200 доллардан 2900 долларга чейин жетет. Бул аралыкта окуу жайы 700гө чейин студентти топтой алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости