www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКга караган “Республикалык радиотелецентр” мамлекеттик ишканасы 120 миң сомго даарат кагазын сатып алат. Бул боюнча ишкана жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен сатып алууга тендер жарыялаган, документтер КТРКнын дарегинде Жаш Гвардия бульвары, 59 дарегинде кабыл алынат. Бул акчага базар баасында 1200дөн 2000 пачкага (ар бир пачкада 10 даанадан) чейин даарат кагазы келет. Бирок, КТРКда иштеген кызматкерлер менен кирип-чыккан адамдар анын дааратканаларында эч качан кагаз көрүшпөгөнүн айтышат.

“Республикалык радиотелецентр” мамлекеттик ишканасы КТРКнын имаратынын ичинде жайгашкан, жетекчиси Улан Жунушалиев, КТРКны техникалык жактан тейлейт. Мындан тышкары, ишкана радиостанцияларда, КТРКнын каналдарында, “Россия РТР” каналында коммерциялык жарнама-маалыматтык материалдарды жайгаштыруу менен да иштейт.

Радиотелецентр кытайлыктар менен биргеликте 2 фирма түзгөн: бирөө “Медиа ТВ” ЖЧКсы карайт, Кытайдын Чэнду шаарындагы “Цзой Ю” компаниясы менен биргеликте түзгөн. Экинчиси, “World TV”ЖЧКсы, аны да кытайлык “Хыпин” компаниясы менен биргеликте түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости