www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бөрк ал десе баш алгандан» кайра тартпаган Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева кызматтарынан кол жууган соң баалуу жерлерде эс алышканы, тайраңбай тебишкени ырасталабы? Адилетсиздиктин айынан куураган коомчулук дал ушул экөөнөн жапа чеккени боюнча арыз-даттануулар менен бүгүн да маселе көтөрүшүүдө.

Тилекке каршы, Абдил менен Индира «мыйзамды аттаган» жоруктары үчүн жооп бербей эле кутулуп кетишсе, анда өткөндүн сабагы, келечекке карай туура баа берүү кайдан болсун? Буга чейинки УКМКнын, башкы прокуратуранын жетекчилери тарабынан мыйзамсыз жасаган иштери изилденүүдө, аз күндө убакыт сааты келсе, Сегизбаев менен Жолдубаева жоопкерчиликке тартылабы? Эгерде адилеттүү жазалоо дал ушул экөөнөн башталбаса, анда кайдагы акыйкатты оозанабыз? Эл дагы күтүүдө, деп жазат Азияньюс гезити. 

Эске сала кетсек, мындай нараазычылыктар буга чейин дагы болуп келген. Бир нече кыргыздын тың чыкма саясатчыларын мурдагы баш прокурор Аида Салянова дагы "буюртма" менен камап келген. Учурда Аида айымга да кылмыш иши козголуп, чыркырап чындык издеп жүргөн мезгили. Чындап текшерип келгенде Аида Салянова дагы кылмыш жообуна тартылып, камакка алынышы керек. Анткени ал өзү Баш прокурор болуп турганда курсагында баласы, артында 4-5 баласы бар аялдар темир тор артына кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости