www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көзү азиз активист Темирлан Ормуков 11-майда эле абактан чыккан. Ормуков мурдагы президентти сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ал кайрадан саясый кер какшык ырын коомчулукка Фейсбук баракчасы аркылуу таратты. Төмөндө Темирлан Ормуковдун пикирин толугу менен окурмандарга өзгөрүүсүз жарыя кылабыз. 

"Камактан Урматтуу Алмаз Атамбаев, Сапар Исаков, Улан Исраилов, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева сиздерди үч маал бекер тамагы менен жакшы охранасы бар мекемеде чыдамсыздык менен күтөбүз. Сиздер үчүн биздин мекемеден орун дайыма табылмакчы. Сиздер үчүн жакында Темирлан Ормуков өз шконарын бошотуп өзүнүн үч маал баландасын сиздерге калтырып аманат кылып бизге табыштап кетти. Көп күттүрбөй келип орун алыңыздар!

Турмушун көрүп зэктердин,

Баланда ботко жеп келдим.

Тең жесе сүйөт Теңирим,

Алмазик сен да жеп келгин! - деп, жазган Темирлан Ормуков Фейсбук баракчасына.

Белгилей кетсек, Темирлан Ормуков мурдагы президентти сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости