www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Дели шаарында абанын булганышына каршы күрөшүүнүн акыркы бутасы жөнөкөй тандур болуп калды. Бул тууралуу "India Today" басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, Дели айлана-чөйрөнү коргоо комитети шаар боюнча бардык мейманканаларда, ресторандарда жана ачык асман алдындагы тамактануучу жайларда көмүр жана жыгач менен жагылган тандурларды колдонууга тыюу салган буйрук чыгарды.

16-декабрда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00гө карата Делинин көпчүлүк аймактарында абанын сапатынын индекси (AQI) 400гө жакын деп катталган. Ресторандарда жана тамактануучу жайларда тандырларды колдонууга тыюу салуу өткөн аптада күчүнө кирген.

Эске сала кетсек, буга чейин Андижан облусунун Шахрихан районунун губернатору Хикматилло Дадахонов экологиялык рейд учурунда самса жапкан тандырларды талкалаганы талкууга алынган. Кийинчерээк бул иш боюнча губернаторго олуттуу тартиптик чара көрүлгөн.

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости