www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өлкөдө жакынкы мезгилде экономикалык кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды үнөмдүү жашоо режимине өтүүгө чакырды.
Ал дүйнөлүк экономикалык туруксуздук жана энергетикалык рыноктогу кризис Индияга да таасир берип жатканын белгиледи. Премьер-министр коомдук транспортту көбүрөөк колдонуу, ички туризмди колдоо жана жергиликтүү продукцияны сатып алуу аркылуу импортко көз карандылыкты азайтуу керектигин айтты.
Ошондой эле Моди алтын сатып алууну азайтууну, күйүүчү май үнөмдөөнү жана мүмкүн болушунча үйдөн иштөө моделине өтүүнү сунуштады.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө күйүүчү май баалары өсүп жатат жана Индиянын мунай запасы 25 күнгө гана жетиши мүмкүн экени айтылууда.
Адистер бул кырдаалды дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу чыңалуу жана Ормуз кысыгы аймагындагы геосаясий абал менен байланыштырууда.