www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Анталия шаарында 27 жаштагы кыргыз жараны Кубат Аманбеков жол кырсыгынан каза болду. Кырсык 10-майдан 11-майга караган түнү саат 3:00 чамасында Серик районунда, Белек туристтик унаа жолунда болгон.

Түркиялык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, такси Кубат Аманбеков минип бараткан велосипед менен кагылышкан.

Жигит окуя болгон жерде каза болгон.

Такси айдоочусу суракка алуу үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилген. Өлүмгө алып келген кырсык боюнча тергөө башталды.

Кубат Аманбеков беш жылдыздуу мейманканада бармен болуп иштегени айтылууда. Учурда маркумдун туугандары жана достору анын сөөгүн мекенине кайтаруу маселесин карап жатышат.

Последние новости