www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезия AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотот

Индонезияда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык Индонезия алган 1,1 миллион вакцинаны колдонуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунушу чыкканга чейин токтотулат.

Алдын алуу чарасы катары ДССУнун сунушун күтүп жатканын жана сунуш министрлер аралык комитеттин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кароосуна жиберилерин, алар AstraZeneca вакцинасы бүткүл өлкө боюнча эмдөө үчүн качан колдонуларын чечишерин билдирди.

AstraZeneca дарысы менен эмделгенден кийин тромбоздун коркунучу жогорулагандыгы жөнүндө билдирүүлөр болгон. Андан кийин аны колдонууну токтотушкан.

Ошондой эле Германия, Италия, Франция, Дания, Ирландия, Исландия, Румыния, Болгария жана Голландияда AstraZeneca вакцинасын колдонуу токтотулгандыгы маалымдалды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости