www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2003-2009-жылдары келишимдерге кол койгондор жеке кызыкчылыгын улуттук кызыкчылыктан жогору коюп, өлкөгө чоң зыян келтиришкен. Бул тууралуу депутат Улан Примов бүгүн, 17-майында Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эл өзүнүн «баатырларын», башкача айтканда, ошол жылдары акционер болгондорду билиши керек.
«Маалыматтын купуялыгына байланыштуу биз өзүбүз маалымат ала албайбыз», - деди ал.
Депутат Акылбек Жапаров «Центерра» алардын суроо-талаптарына жооп бербей жаткандыгын, а фондбиржасындагы маалыматтар тынымсыз өзгөрүлүп жаткандыгын айтты.
«Эгерде «Кыргызалтын» акционер катары бул маалыматтарды берүүнү «Центеррадан» суранса, анда аларды алууга болот. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүчүлөр кимдер, алардын арасында Кыргызстандын жарандары барбы же жокпу, буга чейин суроо-талап жөнөтүлгөн», - деди Жапаров.
Булак: NazarNews.kg