www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулууда.
Анын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев Кумтөр кени боюнча келишимдерге кайсы өкмөт башчылар жана министрлер кол койгонун сурады.
«Өз оозуңуздан угалычы, кайсы өкмөт башчылар чоң зыян алып келген?», - деп суроо салды Тиллаев.
«Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 1992-жылдан бери Кумтөр боюнча макулдашууларга кол койгон жетекчилерди санап берди:
- 1992-жылы – премьер-министр Чынгышев, Сарыгулов;
- 1993-жылы – премьер-министр Чынгышев (Конституциялык келишим, парламент өткөрбөй койгон);
- 1994-жылы – премьер-министр Жумагулов жана Сарыгулов, премьер-министр Жумагулов жана «СП Голд Компанин» директору Давлетов;
- 1995-жылы – «Кыргыз алтындан» Сарыгулов (бул жылы 2 ирет кол койгон);
- 2003-жылы – «Кыргыз алтындан» Кудайбергенов;
- 2003-жылы – премьер-министр Танаев жана Кудайбергенов (бул жылы 3 ирет кол коюшкан);
- 2004-жылы – «Кыргыз алтындан» Кудайбергенов жана министр Курманбек Осмонов;
- 2007-жылы – премьер-министр Атамбаев (парламент таркап кеткен);
- 2009-жылы – премьер-министр Чудинов жана «Кыргыз алтындан» Жакыпов (бул жылы 2 ирет кол коюшкан);
- 2013-жылы – премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, президент Атамбаев (күчүнө кирген эмес, парламент колдобой койгон);
- 2017-жылы – премьер-министр Сапар Исаков;
- 2019-жылы – премьер-министр Абылгазиев, президент Жээнбеков.
«Макулдашууларга бардык премьер-министр менен президенттер активдүү катышкан», - деди Жапаров.
Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg