www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда алтын кени урап 9 адам көз жумду

Ушул жылдын 18-апрелинде Индонезиянын Батыш Суматра провинциясында мыйзамсыз иштетилген алтын кенинин урап кетишинин себебинен 9 киши каза тапты. Бул тууралуу Индонезиянын Кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Анын айтымында, кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен, мыйзамсыз иштетилген кен урап кеткен.

Окуя Батыш Суматра провинциясындагы Солок аймагында болгон. Кырсык учурунда ал жерде жалпысынан 12 жумушчу мыйзамсыз алтын кенин казып алышкан. Издөө куткаруу иштеринде урандынын астында калган 1 аял жана 8 эркектин сөөгү чыгарылган.

Эске сала кетсек, 2019-жылдан 26-февралында Түндүк Сулавеси провинциясынын Болаанг Монгондоу аймагында да мыйзамсыз казылган алтын кени урап, 27 киши каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости