www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтондо 2 миңге жакын  адам өлкөдө кирип жаткан карантинге каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Вашингтондо чектөөлөр 4-майга чейин киргизилген. Аталган штатта 12 миң адамдан коронавирус аныкталган.

Митингдин максаты штаттын губернатору Жей Инзли берген буйрукка жана медициналык кызматкерлер айткан көрсөтмөлөргө баш ийбөө.

"Албетте, мен сөз эркиндигин колдойм. Бирок сөз митингге чыккан адамдардын саны тууралуу эмес. Иштин баары саясатта эмес, штаттын жашоочуларынын саламаттыгынын коопсуздугунда", - деп билдирген губернатор.

Ал эми полиция митинг тынч өткөнүн жана эч ким кармалбаганын билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 40 миң 600гө жеткен. Жалпы 759 миң адамдан вирус аныкталса, 70 миңден ашуун бейтап айыгып чыккан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости