www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрелге карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абал, статистикалык көрсөткүчтөрдү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдап, "Карантинди майдын ортосуна чейин узартуу зарылчылыгы жаралган жокпу?" деген суроо берди.

Үсөнбаев азырынча бул суроого жооп айтуу оор экенин билдирди.

"Калкка карата азыр коюлуп жаткан чектөөлөрдүн баары эпидемиологиялык абалга жараша болуп жатат. Бул бир гана биздин өлкөдө эмес, вирус жайылган бардык өлкөлөрдө колдонулуп жаткан ыкма. Биздин өлкөдө коронавирустун жайылышынын туу чокусу болот деп божомолдонгон даталар бар, ошол күндөрдөн өткөндөн кийин карантин узартылабы же жокпу анык болот", - деди министрдин орун басары.

Эске салсак, буга чейин инфекциянын жайылуусунун туу чокусу 20-24-апрель күндөрүнө дал келет деген божомолдор айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости