www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда жума күнү Суматра аралындагы абактан качкан кылмышкер санынын 448 экендиги ортого чыкты.

Индонезия укук жана адам укуктары министри Ясонна Лаоли Сиаланг Бунгкук абактан качкандар тууралуу маалыматында : «Жума күнү баш – аламандык чыккан учурда 448 кылмышкердин качкандыгы белгиленди. Индонезияда биринчи жолу ушунчалык көп киши абактан качты»,- деди.

Лаоли качкан кылмышкерлерден ушул кезге чейин 269 кишинин кармалып абакка жиберилгендигин белгиледи. 179 кишини кармоо иштеринин улантылып жаткандыгын белгилеген Лаоли  качкындарды багынууга чакырды. Сиалан Бунгкук абагы 561 кишилик бирок 1800 кылмышкер камалууда.

Суу жана тамак – аш сыяктуу муктаждыктар менен жетеринче камсыздалбагандыктан, абак кызматкерлеринин жаман мамилеси да кылмышкерлер качуу үчүн бардык жолдорду сынап көрүшүүдө.

Өткөн жумада абакта жума намазы үчүн  эшиктердин ачылышы менен абак кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда чыр – чатак чыгып бул учурда да көп сандаган кылмышкер качкан.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости