www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүн, биз сөз кыла турган ыр жаш ырчы Жеңиш Таалайбековдун аткаруусундагы “Сага жетем” болмокчу. Бул ыр Жеңиштин аткаруусунда 2016-жылы клиби менен жарык көрүп, бирок хитке айлана албады. Себеби, бул ыр Казакстандын мега жылдызы Торегали Торэалинин аткаруусундагы “Торешин” аталышында 2015-жылы жарык көрүп, казак элинде эле эмес бизде да тойлор да дал ушул ырсыз өтпөй калган.

Кыргызстанда бул ырдын казак варианты элге сиңип кеткендиктен, Жеңиштин акыбети кайткан жок десек жаңылышпайбыз. Торегали болсо бул ырдын аркасы менен күндө тойго барып, 7 миң долларды капчыгына салып жатты. Бирок, бул ыр плагиат ыр экенин көпчүлүк биле бербейт.

Биз сөз кылган эки аткаруучу тең авторлордон уруксаат албагандыктан ырдын автору “Румын эли” деп келишеби же айткандай уялашыбы айтор белгисиз... Ырдын түпкү нускасы румын элине таандык. Румынияда бул ырды  “Mandinga” жана “Fly Project” топтору “Hello” аталышында 2013-жылы жаздырып, клиби бүгүнкү күндө “YuoTube” желесинде 2 079 800 көрүүчүнү топтогон. Ал эми ырды Елена Ионеску атуу айым жана Дэн Денс аттуу мырза жаратышкан.

Төмөндө ырдын үч варианты тең бар. Тыңдап, өз бааңыздарды бериңиздер окумандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости