www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезия мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алуучулар үчүн стипендиялык программасын жарыялайт.  

Окутуу 2020-жылдын 2-майынан 15-августка чейин Индонезиянын искусство жана маданият борборлорунун биринде өтөт. Алар: Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта. 

Стипендиянттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. Бардык борборлордо Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырат. Ошону менен бирге айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу батик кездемесин даярдоо жараянын жана Ява бийин үйрөнүшөт. А Балиде болсо – Бали бийин жана гамелан улуттук оркестрин. Программанын акырында бардык катышуучулар маданият жана искусство кечесине катышат. 

Стипендиялык программа төмөндөгү чыгашаларды көтөрөт:

  • Окутуу акысын, класстардын сырткары иш-чаралар;
  • Эки тарапка авибилет; 
  • Жатакана жана тамак-аш;
  • Медициналык камсыздандыруу (чектелген), ар бир катышуучуга жеке медициналык камсыздандыруу алуу сунушталат;
  • Жергиликтүү транспорт;
  • Ай сайын 2 000 000 рупий стипендия.

Талаптар:

  • 21 жаштан 27 жашка чейин;
  • Үй-бүлөлүү болбошу керек;
  • Орто билим; 
  • Англис тилин билүү зарыл;
  • Индонезия маданият жана искусствосун үйрөнүүгө  басып койгон жана Индонезия тилин (минималдык деңгээлде) билгендерге артыкчылык берилет.

Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди бериши керек: 

  • Мотивациялык кат;
  • Паспорт өлчөмүндөгү кызыл фонго түшкөн эки сүрөт: 
  • Жарактуу мөөнөтү эки жылдан кем болбогон жалпы жарандык паспортунун фотокөчүрмөсү 
  • Академиялык дипломунун фотокөчүрмөсү; 
  • Акыркы алынган медициналык справканын фотокөчүрмөсү;
  • Сунуштама каты;
  • Программанын шарттарына макулдугун берген арыз: 

Стипендиялык программа боюнча кенири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот: 

 https://edu.gov.kg/kg/news/otkryta-stipendialnaya-programma-dlya-obucheniya-v-indonezii/ 

Катышуучулар толтурулган билдирмени 12-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылуусу зарыл. Документтердин көчүрмөсүн  [email protected]   электрондук дарегине жөнөтүңүздөр. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости