www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын Оштук Жигит аттуу колдонуучусу кыргыздардан кем калбай мал чарбачылыгы менен алектенген Глебовдордун үй-бүлөсү тууралуу жазып чыккан. Кызыктуу маалымат төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Александрдын үй-бүлөсү Ала-Букадагы жайлоодо мал кармап, кымыз, сары май даярдоо менен алек.

Ала-Бука районуна караштуу Сары-Талаа айылында Александр Глебовдордун үй-бүлөсү жасаган кымыздан сатып алууну каалагандардын саны арбын.
Бул үй-бүлө элеттиктердей эле мал-жандык кармап, жайлоого чыгып, курут, май, кымыз жасашат. Алар жасаган кымыз даамдуу экенин сатып алгандар айтып келишет.

48 жаштагы Александр Глебовдун айтымында, ал акыркы 10 жылдан бери жайлоого чыгууну адатка айландырган. Жашоо турмушу тууралуу Александр:

«Бир агам, бир эжем Россияда, карындашым Ошто жашайт. Мен ата-энем менен ушул айылда жашайм. Он жылдан бери жайлоого чыгабыз. 200гө жакын майда жандык, 10дой уй, бээлерибиз бар.

Биз атайын кымыз, курут, май сатуу үчүн эмес, өзүбүздүн малды жакшылап багып, балдар айран-сүттү кеңири ичсин деген максатта чыгабыз.

 Кымыз, курут, сары майдан туугандарыбызга беребиз, ашканын сатабыз. Кымыз жасоонун түйшүгү көп, адамдын колун көбүрөөк кармайт. Жылда кымыз жасап сатчубуз. Быйыл кымызды азыраак жасап, кулундар жакшылап чоңойсун дедик.

Жайлоодон түшкөндө мал айылдан бир аз ырагыраак жерде кыштоодо турушат. Мал-жандык көп, айылга алып түшсөң бирөөнүн короосуна, чөбүнө кирет. Балдарыбыз билим алганы ата-энемдин жанына кетишет. Жубайым экөөбүз мал-жандык карап калабыз»,-деп билдирген ал.

Анын жубайы Василиса Сорокина да кыргыз келиндерден кем калышпай,  таң эрте туруп уй саап, очокко сүт жылытып тартып, сары май, чөбөгө жасап, курут тоголоктойт. Жайында уйларынан күнүнө 50 литр сүт саап алса, азыр чөп катып, 25 литрден сүт алууда.

Алар жайы менен курут, майды кыш мезгилине камдап, малга тоюттарды даярдап алууга жетишкен.

Түгөйлөрдүн Алексей, Виктор, Иван аттуу уулдары айылдагы Орозалиев атындагы мектепте билим алышат",-деп жазган аталган посттун ээси.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости