www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда жер көчкүдөн он адам каза болду

Индонезиянын Борнео аралындагы түндүк Калимантан аймагында катуу жамгыр жаашы жол ачкан жер көчкүлөрдө 10 киши каза болду. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, катуу жааган жамгыр 3 башка жерде жер көчкүнүн болушуна себеп болду.

Жетекчилер шаарга караштуу Жалан Матахари, Жуата Пермаи жана Гунунг Селатанда болгон жер көчкүлөрдө 10 кишинин каза болгондугун билдиришти. Жер көчкүлөр болгон аймактарда ыктымалдуу жоготууларга карата изилдөө -  куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Тропикалык климатка ээ болгон Индонезияда көп жааган жамгырдан улам бат  - бат суу ташкындары менен жер көчкүлөр болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости